АКШда арктикалык сууктар
АКШда таасирдүү болуп жаткан кар бороону жана арктикалык сууктан улам каза болгондордун саны 59га жетти.
АКШда таасирдүү болуп жаткан кар бороону жана арктикалык сууктан улам каза болгондордун саны 59га жетти.
АКШнын чоң бир бөлүгүн таасири астына алган кар бороону жана суук аба толкуну күнүмдүк турмушка таасирин тийгизүүнү улантууда.
Бороондун күчү менен дарактар жана электр линиялары көңтөрүлүп, миңдеген үй жана иш жеринде электр үзгүлтүгү болду.
Тоңголоктон улам тайгак, кар баскан жолдордо жол кырсыгы катталды.
Көптөгөн мектептерде билим берүү токтотулуп, аба каттамдары да үзгүлтүккө учурады.
12-январдан бери өлкө боюнча ыңгайсыз аба ырайынан каза болгондордун саны 59га жетти.
Теннессиде 19 киши каза болду.
Орегондо 9, Иллинойс жана Миссисипиде 6, Вашингтон штатында жана Кентуккиде 5, Нью-Йорк штатында 3, Луизианада 2, Арканзас, Висконсин, Вайоминг жана Нью-Гэмпширде бирден өлүм катталган. Суук аба ырайынын дем алыш күндөрү дагы таасирдүү болоору эскертилди.
Тектеш кабарлар
Израиль-Ливан чек арасындагы чыңалуу...
Кол салуудан улам аймактагы кээ бир үйлөр жана унаалар жараксыз абалга келди.