Гренландиядагы мөңгүлөрдүн эриши
Изилдөөчүлөр Гренландиянын саатына орто эсеп менен 30 миллион тонна муз жоготуп жатканын аныкташты.
Арктика менен Атлантика океандарынын ортосунда жайгашкан дүйнөнүн эң чоң аралы Гренландия климаттык өзгөрүүлөрдөн улам саатына орточо 30 миллион тонна муз жоготууда.
The New York Times гезитинин кабарына караганда, НАСАнын реактивдүү кыймыл лабораториясынын кызматкери жана изилдөөчү Чад Грин менен анын командасы 1985-жылдан 2022-жылга чейин тартылган спутник сүрөттөрүнүн негизинде карта даярдашты.
Картага Гренландиянын дээрлик бардык жерин камтыган 200 миңден ашык мөңгүлөрдүн сүрөттөрү бириктирилди.
Буларды иликтеген изилдөөчүлөр Гренландиянын саатына орто эсеп менен 30 миллион тонна муз жоготуп жатканын аныкташты.
Маалыматтар, Гренландиянын болжолдонгондон 20 пайызга көп эрип жатканын көрсөттү.
Кошумчалай кетсек, Гренландия 1992-жылдан бери дээрлик беш триллион тонна муз жоготту.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ээриген мөңгүлөрдөн келип чыккан кошумча тузсуз суулардын океан агымдарынын бузулушун тездетет.
Бул эрүүдөн улам деңиз деңгээлинин болжол менен 13 миллиметрге көтөрүлгөндүгү билдирилди.
Изилдөөгө кирген 200дөн ашык мөңгүлөрдүн бирөө гана 1985-жылдан бери чоңойгону аныкталды.
Иликтөөнүн жыйынтыгы "Nature" журналында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.