Израиль күчтөрү Наблуста бир унааны бомбалады

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Израилдин учкучсуз учуучу аппараты Наблустун чыгышындагы Балата качкындар лагерине жакын жерде бир унааны  атты.

2089639
Израиль күчтөрү Наблуста бир унааны бомбалады

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Наблус шаарында бир унааны бомбалагандыгы, натыйжада каза болгон жана жаралангандардын болгону билдирилди.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Израилдин учкучсуз учуучу аппараты Наблустун чыгышындагы Балата качкындар лагерине жакын жерде бир унааны  атты.

Израиль күчтөрүнүн топтордун кийлигишүүсүнө уруксат бербегени жана унаанын жарылуу менен күйгөндүгү маалымдалды.

Унаадагы палестиналыктардан каза болгон жана жаракат алгандардын бар экендиги белгиленди. 

Палестина Кызылайынан берилген маалыматта Израиль күчтөрүнүн аймактан чегинишинен кийин бир палестиналыктын сөөгүнө жетишилгендиги билдирилди. 

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн аймактан чегингенге чейин  атылган унаадагы айрым палестиналыктардын сөктөрүн да алып кеткендиги  айтылды. Израиль күчтөрү Балата качкындар лагерине жүргүзгөн рейдде бул жердеги палестиналыктарга чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти. 

Израиль күчтөрү Газага кол салуу баштаган 2023 -  жыл  7 -  октябрдан бери оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста да палестиналыктарга карата камоо, рейддери жана кол салуулары күчөдү. 

Оккупация астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 7 -  октябрдан бери Израиль күчтөрү менен мыйзамсыз еврей оутурукташуучулардын колс алууларында 355 палестиналык каза болду. 

 



Тектеш кабарлар