Сомалидеги кол салууда 3 киши каза болду

Коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алды.

2089380
Сомалидеги кол салууда 3 киши каза болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо жанкечтилик кол салуудан 3 киши каза болду.

Сомалинин Улуттук телеканалынын (SNTV) маалыматына караганда, борбор шаардын Хамарвейн районундагы кафеде жанкечтилик жилетин кийген адам бомба жардырды.

Жарылуудан улам окуя болгон жерде кеминде 3 адам каза болду. 

Коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алды. Кол салуунун жоопкерчилигин али эч ким моюнга ала элек. 

 



Тектеш кабарлар