Колумбияда жер көчкүдө каза болгондордун саны көбөйүүдө
Жергиликтүү жетекчилер менен аймакка барган президент Густаво Петро жер көчкүдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Колумбиянын Чоко административдик аймагындагы трассада 13 - январда болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 39га жетти.
Колумбиянын Улуттук апаат рискинин башкаруу бөлүмү (Ungrd) тарабынан жасалган билдирүүдө Кибдо-Меделлин автожолундагы апаатта каза болгондордун саны өскөндүгү белгиленди.
Маалыматта каза болгондордун саны 39га жеткени, дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн аракеттердин уланып жаткандыгы маалымдалды.
Жергиликтүү жетекчилер менен аймакка барган президент Густаво Петро жер көчкүдө каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар кандай колдоо көрсөтө тургандарын билдирген Петро окуяга терең кайгыргандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.