Иран «аймактагы террор жана тыңчылык штабдарын» баллистикалык ракеталар менен аткандыгын жарыялады

Иранга каршы террордук топтордун чогулуу жерлери баллистикалык ракеталар менен бутага алынды.

2089128
Иран «аймактагы террор жана тыңчылык штабдарын» баллистикалык ракеталар менен аткандыгын жарыялады

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын Төңкөрүш Гвардиясынын жазуу түрүндөгү маалыматына таянып берген кабарына караганда, аймактагы тыңчы штабдары жана Иранга каршы террордук топтордун чогулуу жерлери баллистикалык ракеталар менен бутага алынды.

Кабарга караганда билдирүүдө бул сөздөргө орун берилген : «Ирандын душмандарынын акыркы мезгилдердеги террор кылмыштарына жооп катары тыңчы жана террористтердин штабдары түн жарымында Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын баллистикалык ракеталары менен бутага алынып жок кылынды».

Билдирүүдө Сирия жерлериндеги террордук уюм ДЕАШка таандык буталар менен бирге Ирактын Эрбил шаарында Израилдин тышкы чалгындоо уюму Моссаддын штабынын да баллистикалык ракеталар менен бутага алынгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө  жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ алган Кермандагы жандуу бомба кол салуусу, Раск шаарында коопсуздук күчтөрүн бутага алган кол салуу менен Сирияда Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын жогорку мартабалуу командирлеринен Рази Мусевинин өлтүрүлүшү белгиленип, баллистикалык ракета кол салууларынын буларга жооп ирээтинде болгондугу баса белгиленди.

Жергиликтүү медиада орун алган кабарларда башта АКШнын Эрбил башкы консулдугу жана Эрбил Эл аралык аэропортунун жакындарындагы АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция базасы болгон бир топ аймакта жарылуу үндөрүнүн угулгандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар