АКШ Эрбилдеги Иран кол салуусун айыптады

АКШнын Ирак өкмөтүнө жана Ирак күрт аймактык башкаруусуна берген колдоого көңүлдөрдү бурган Миллер : "Ирандын Ирактын туруктуулугун бузган ракеталык кол салуусуна каршыбыз",- деди.

2089288
АКШ Эрбилдеги Иран кол салуусун айыптады

АКШ Ирандын Эрбилге карата кол салуусун айыптады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер маалымат жыйынында Ирандын кол салууларына карата  баа берди. Миллер АКШнын Ирандын Эрбилге карата жасаган чабуулун катуу айыптагандыгын белгилеп, кол салууларда каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө көңүл айтты. 

АКШнын Ирак өкмөтүнө жана Ирак күрт аймактык башкаруусуна берген колдоого көңүлдөрдү бурган Миллер : "Ирандын Ирактын туруктуулугун бузган ракеталык кол салуусуна каршыбыз",- деди. 

Ак үй кечээ кечки сааттарда Ирандын Ирак күрт аймактык башкаруусу жана Сириянын түндүгүнө карата ракеталык кол салуусунда эч бир АКШ кызматкеринин же объектилеринин бутага алынбаганын билдирди.

Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Адриен Уотсон АКШнын Ирактын жогорку даражалуу өкүлдөрү жана Ирак күрт аймактык башкаруусунун өкүлдөрү менен байланышта экенин белгилеп: «Иран мунун Керман жана Расктагы ДЕАШтын  террордук кол салууларына жооп экендигин айтууда»,-деди. 

АКШнын Ирактын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугун белгилеген Уотсон : «Абалды карап чыгууну улантабыз, бирок алгачкы белгилер  мунун ойлонбостон жасалган кол салуулар экендиги тууралуу»,-деди. 

Ирак күрт аймактык башкаруусунун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын Эрбилдеги бир топ жарандык отурукташуу жерлерине көп сандаган баллистикалык ракета менен жасаган кол салууларында  4 жарандын каза болгондугу, 6 кишинин да жаракат алгандыгы белгиленген.

Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясынан берилген маалыматта Сирия жерлериндеги ДЕАШ террордук уюмуна таандык буталар менен бирге Эрбилде Израилдин тышкы чалгындоо уюму Моссад штабынын баллистикалык ракеталардын бутасы болгондугу билдирилген. 

Ошондой эле Израилдин Төңкөрүш Гвардиялары жана Израиль колдогон террордук топтордун командирлеринин өлтүрүлүшүнө каршы жасалгандыгы белгиленген кол салууларда : "Ирандагы тыңчылык иштерин жана террордук кыймылдарын пландоо борбору болгон Моссаддын Эрбилдеги тыңчылык штабынын биринин жардырылгандыгы" маалымдалган. 

 



Тектеш кабарлар