Байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым артты

Оксфам эл аралык кайрымдуулук уюмунун изилдөөсүнө караганда, дүйнөнүн эң бай беш адамы 2020-жылдан бери байлыгын эки эсеге көбөйтүштү.

2088952
Байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым артты

Акыркы жылдардагы кризистер жана согуштар дүйнө жүзү боюнча байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырымды ого бетер тереңдетти.

Оксфам эл аралык кайрымдуулук уюмунун изилдөөсүнө караганда, дүйнөнүн эң бай беш адамы - бардыгы эркек - 2020-жылдан бери байлыгын эки эсеге көбөйтүштү.

Эң жакыр 60 пайызды түзгөн беш миллиардга жакын адам болсо ого бетер жакыр болуп калды.

Оксфамдын маалыматына ылайык, эң бай беш адам 2020-жылдан бери саатына орточо 14 миллион доллар киреше тапкан.

Алардын байлыгы 2020-жылы 405 миллиард доллардан 869 миллиард долларга чейин өскөн.

Бардык миллиардерлердин жалпы байлыгы инфляциянын темпинен үч эсе тез өстү.

Эң жакыр 60 пайызды түзгөн 4,77 миллиард адам 2020-жылдан бери 20 миллиард доллар байлыгын жоготту.

Оксфамдын маалыматы боюнча, 791 миллион жумушчунун айлыгы инфляциянын деңгээлине жеткен жок.

Орто эсеп менен ар бири эки жылдын ичинде дээрлик бир айлык маянасын жоготту.



Тектеш кабарлар