АКШ Сириядагы террордук уюмга колдоосун улантууда

АКШ армиясы, жакында Хасекеде жикчил уюм ЙПГнын террористтерин машыктырды.

2088864
АКШ Сириядагы террордук уюмга колдоосун улантууда

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга колдоосун улантууда.

Террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен башка террордук уюмга колдоо көрсөткөн АКШ армиясы, жакында Хасекеде жикчил уюм ЙПГга мүчө террористтерди машыктырды.

Балдар да арасында болгон террористтерге берилген машыгуунун фотосүрөттөрү АКШ армиясынын социалдык медиа баракчаларында бөлүшүлдү.

АКШ армиясы өткөн жылы террордук уюмга 1880 жүк ташуучу курал жана логистикалык материал жөнөткөн.

Вашингтон администрациясы 2024-жылдагы бюджетинде террордук уюмга жардам берүү үчүн 156 миллион доллар бөлгөн.



Тектеш кабарлар