Индия-Кытай чек ара маселеси

Махараштра провинциясынын Нагпур шаарындагы иш-чарада сөз сүйлөгөн Жайшанкар Индия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер тууралуу билдирүү жасады.

2088464
Индия-Кытай чек ара маселеси

Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар Кытай менен анын өлкөсүнүн ортосундагы чек ара маселеси чечилбесе, башка мамилелердин нормалдуу калыбына келишин күтүүгө болбой турганын билдирди.

Махараштра провинциясынын Нагпур шаарындагы иш-чарада сөз сүйлөгөн Жайшанкар Индия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер тууралуу билдирүү жасады.

Жайшанкар Кытай 2020-жылдагы келишимди бузуп, эки өлкөнүн талаштуу чек арасындагы аймактарды бөлүп турган Иш жүзүндөгү көзөмөл линиясына (LAC) аскерлерин жайгаштырганын билдирди жана Индия буга каршы өзүн коргоого бардык убакта даяр болушу керектигин белгиледи.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон сүйлөшүүсүн баяндаган Жайшанкар: «Мен кытайлык кесиптешиме, эгерде чек арада чечим табылбаса жана күчтөр бетме-бет туруп, тирешүү улана берсе, калган мамилелердин кадимкидей уланышын күтпөшүбүз керектигин түшүндүрдүм»,-деп айтты.

Жайшанкар Кытай менен Индиянын ортосундагы мамилелердин акыркы жылдарда жакшы болбой жатышынын негизги себеби Пекиндин эки өлкөнүн ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишимдерге «баш ийбегендигинде» экенин билдирди.

Гималай тоолору менен курчалган Кытай менен Индиянын ортосундагы так эмес чек ара сызыгы өлкөлөрдүн ортосунда суверендүүлүк талаштарын жаратууда. Дарыяларды, көлдөрдү, мөңгүлөрдү жана карлуу чокуларды камтыган 3500 чакырымдык чек ара көп учурда тараптарды бетме-бет келтирет.



Тектеш кабарлар