Тайванда добуш берүү аяктады

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү катары көргөн Кытай да шайлоого кылдат көз салууда.

2088251
Тайванда добуш берүү аяктады

2024 - жылдагы эң маанилүү шайлоолордун бири бүгүн Тайванда өттү.

Аралды төрт жыл башкара турган премьер-министр менен парламентти аныктай турган шайлоодо добуш берүү аяктады.

Аралда жашаган 19 миллиондон ашык катталган шайлоочу добуш берди. 

Шайлоодо аралдын лидерлиги үчүн үч талапкер ат салышты.

Бийликтеги Демократиялык прогрессивдүү партиянын талапкери Лай Чинг-те жана Улутчулдар партиясынын талапкери Хоу Ю-и алдыга чыкты.

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү катары көргөн Кытай да шайлоого кылдат көз салууда.

Тайвань маселеси бир нече убакыттан бери Азия - Тынч океандагы чыңалуунун чордону болуп келген.

 

 



Тектеш кабарлар