Россия Йеменге карата кол салуу тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чогулушун талап кылды
АКШ жана Британиянын аскердик учактары түнкү сааттарда Йемендин борбор шаары Сана менен Худейде жана Таиз шаарларында айрым жерлерге абадан кол салган.
Россия Америка Кошмо Штаттары менен Британиянын Йеменге жасаган кол салууларына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен шашылыш жыйын өткөрүүнү талап кылды.
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө : "Россия АКШ жана Британиянын Йеменге карата кол салуулары тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 12 - январда чукул чогулушун талап кылды",- деп билдирилди.
АКШ жана Британиянын аскердик учактары түнкү сааттарда Йемендин борбор шаары Сана менен Худейде жана Таиз шаарларында айрым жерлерге абадан кол салган.
АКШнын президенти Жо Байден жана Британиянын премьер - министри Риши Сунак Кызыл деңиздеги кол салууларына жооп катары Америка жана Британия армияларынын Йеменде хусийлерге таандык айрым буталарды аткандыгын билдирген.