Иран Йеменге жасалган кол салууну айыптады

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насыр Кенани бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2087861
Иран Йеменге жасалган  кол салууну айыптады

Иран АКШ жана Британиянын аскердик учактарынын Йеменге жасаган абадан кол салуусун айыптады. 

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насыр Кенани бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. 

Кенани : "АКШ жана Британиянын Йемендин түрдүү шаарларына карата аскердик кол салууну катуу айыптайбыз",- деди.

Кол салууну Йемендин эгемендиги жана жеринин бүтүндүгү менен эл аралык мыйзамдын бузулушу катары мүнөздөгөн Кенани буларды айтты : "Бул өзүм билемдик менен жасалган кол салуу, аймактагы коопсуздукту жана туруксуздукту күчөтүүдөн башка эч бир ишке жарабайт. Биз эл аралык коомчулуктан жоопкерчиликтүү каршылык көрсөтүү жана иш-аракеттер менен аймактагы согуштун, туруксуздуктун, коопсуздуктун жайылышын алдын алуусун суранабыз".

Америка жана Британиянын аскердик учактары Йемендин борбор шаары Сана менен Худейде жана Таиз шаарларынын кээ бир жерлерине түнкүсүн абадан кол салуу жасады.

АКШнын президенти Жо Байден жана Британиянын премьер  - министри Риши Сунак Кызыл деңиздеги кол салууларга жооп кайтаруу катары Америка жана Британия армияларынын Йеменде хусийлерге тандык айрым буталарды аткандыгын билдирген. 

 

 



Тектеш кабарлар