Геноцид доосунда 2 - күн

Түштүк Африка Республикасы "Газадагы Палестина калкына геноцид жасады" деген негиз менен доо ачкан Израиль бүгүн Гаагадагы  Эл аралык адилеттик сотунда оозеки коргонуусун жасайт.

2087796
Геноцид доосунда  2 -  күн

Түштүк Африка Республикасы "Газадагы Палестина калкына геноцид жасады" деген негиз менен доо ачкан Израиль бүгүн Гаагадагы  Эл аралык адилеттик сотунда оозеки коргонуусун жасоодо.

Түштүк Африка Республикасы тарабынан  29 -  декабрда ачылган доонун биринчи отуруму кечээ Гаагадагы Эл аралык адилеттик сотто башталды. 

Отурумдун биринчи күнүндө Израилди Газадагы Палестина калкына геноцид жасоо менен айыптаган Түштүк Африка бул тууралуу ырастоолорун сотко оозеки сунуштады. 

Түштүк Африка биринчи кезекте эл аралык соттон Израилге Газадагы бардык аскердик операцияларды дароо токтотуу үчүн убактылуу буйрук чыгарууну талап кылды.

Бүгүн Гаагадагы Адилет сарайында өтө турган экинчи отурумда Израиль геноцид дооматтарына жооп берүүдө.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Аарон Барак баштаган Израиль делегациясы геноцид деген айыпка каршы өз жүйөлөрүн келтирип, соттук коллегияны ынандырууга аракет кылат. Бүгүнкү сот отурумунда Израиль "өз элин ХАМАСтын чабуулдарынан коргоо милдетин" баса белгилеши күтүлүүдө.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху отурумдар алдындагы билдирүүсүндө өлкөсүнө коюлган дооматтарды четке кагып, Израилдин ХАМАСтан коргонуу укугун сактап кала турганын айтты.

Израилдин бүгүнкү коргонуусунан кийин Эл аралык сот Тель-Авив администрациясынын Газадагы бардык аскердик аракеттерин токтотуу талабы боюнча чечим чыгарат.

Эл аралык сот ошол эле учурда  Түштүк Африканын геноцид айыптоолору тууралуу доонун каралып же каралбай тургандыгына чечим чыгарат. 



Тектеш кабарлар