Палестина :Израилдин Эл аралык сотунда геноцид кылмышы менен соттолушу тарыхый бир окуя

Палестинанын тышкы иштер министрлиги Түштүк Африканын Израилдин Эл аралык сотто геноцид кылмышы менен соттолушу үчүн кайрылуусунун натыйжасында бүгүн башталган соттук угуулар тууралуу жазуу түрүндө маалымат жарыялады.

2087598
Палестина :Израилдин Эл аралык сотунда геноцид кылмышы менен соттолушу тарыхый бир окуя

Палестина Израилдин Эл аралык сотто геноцид кылмышы менен соттолушунун тарыхый бир окуя экендигин билдирди.

Палестинанын тышкы иштер министрлиги Түштүк Африканын Израилдин Эл аралык сотто геноцид кылмышы менен соттолушу үчүн кайрылуусунун натыйжасында бүгүн башталган соттук угуулар тууралуу жазуу түрүндө маалымат жарыялады.

Билдирүүдө айрым өлкөлөрдүн Израилге «саясий, аскердик жана вето укугу» сыяктуу жолдор менен колдоо көрсөтүүсүнүн жана эл аралык деңгээлдеги «компетентсиздиктин» бул өлкөнү кылмыш жана геноцид кылууга түрткөндүгү белгиленди.

Палестинанын Түштүк Африканын Израилге каршы ачкан доонун ийгиликтүү болоруна ишенгендиги белгиленген билдирүүдө боордош жана дос өлкөлөрдүн  Түштүк Африканын Эл аралык сотко ачкан доону колдоого чакыруу салынды.

Түштүк Африка Республикасынын Израилдин Газадагы аракеттери менен Геноцид  келишимин бузду деген негиз менен Эл аралык сотко ачкан иш боюнча убактылуу чара көрүү талаптарына байланыштуу соттук угуусу бүгүн башталды.

Отурумдун биринчи күнүндө Түштүк Африканын адвокаттары Израилди Газадагы палестиналыктарга каршы  аракеттеринин геноциддик ниетин далилдеди деп айыпташты.

Эл аралык сот БУУнун келишимдери менен эл аралык келишимдерге тема болгон маселелердин  чечилиши тууралуу БУУнун сот органы катары кызмат кылууда.

 

 



Тектеш кабарлар