Франциядагы 300дөн ашуун юрист Газада ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырды

Бул тууралуу Mediapart гезитинде макала жарыяланды.

2087573
Франциядагы 300дөн ашуун юрист Газада ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырды

Франциядагы 300дөн ашуун юрист, соттордун жана академиктердин колдоосу менен Газада «дароо жана туруктуу ок атышууну токтотууга» чакырышты.

Mediapart гезитиндеги макалага ылайык, юристтер уланып жаткан Израиль-Палестина жаңжалында «элге жасалган бардык кыргындарды, зордук-зомбулукту жана ырайымсыздыкты» айыптай турганын билдиришти. Алар Газада «60%ы аялдар жана балдар болгон 30 миңден ашуун адам каза болгонуна, 58 миңден ашуун адам жаракат алганына» өкүнүчүн билдиришти.

Адилетсиз «тынчтык бир кыял» деп айткан адвокаттар Газа тилкесиндеги тараптардын тез арада биротоло ок атышпоо жана барымтадагы израилдик жарандардын тез арада бошотулушуна чакырышты.

Макалага караганда адвокаттар ошондой эле Батыш Шериада Израиль тарабынан мыйзамсыз камакка алынган палестиналык жарандарды эч кандай айып жана сотсуз бошотууга, Газа тилкесиндеги жарандар менен гуманитардык кызматкерлерге керектүү бардык гуманитардык жардамдардын тоскоолдуксуз берилишин талап кылышкан.

Алар ошондой эле Израилдин жетекчилеринин жазасыз калгандыгын айыпташты. «Мүмкүн болгон согуш кылмышы, адамзатка каршы кылмыштарды же геноцидди түзгөн бардык аракеттер көз карандысыз жана калыс иликтенип, күнөөлүүлөр компетенттүү улуттук соттор же Эл аралык кылмыш соту тарабынан соттолуп, жазаланышын» талап кылышты.

Сөз болгон адвокаттар «Газа калкынын жапырт жапа чеккен ахлактык банкрот жана гуманитардык апаатка» капа болгондорун билдиришип, бул абалдын алдында үнсүздүккө жана кайдыгерликке нааразылык билдиришти.

 «Газа калкы 89 күндөн бери ичүүчү суудан, тамак-аштан, дары-дармектен, электр энергиясынан жана күйүүчү майдан ажырап, пландалган ачарчылыкка, эпидемияга, саламаттыкты сактоо кызматтарынын жетишсиздигине жана аргасыз көчүүгө мажбурланды»,-деп айтып бул абалды айыпташты.

Алар ошондой эле Батыш Шериада «Израилдин күчөгөн колониялык саясатынын бир бөлүгү катары отурукташуучулардын да, Израиль армиясынын да палестиналыктарга каршы зордук-зомбулук жана коркутуу аракеттери күчөгөнүн» белгилешти.



Тектеш кабарлар