Дүйнө банкы глобалдык өсүүнүн бул жылы акырындай тургандыгын күтүүдө

Өткөн жыл үчүн 2,6 пайыз деп болжолдолгон глобалдык экономикалык өсүүнүн  2024 -  жылы  2,4 пайыз болору белгиленди. 2025 -  жылы 2,7 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

2086907
Дүйнө банкы глобалдык өсүүнүн бул жылы акырындай тургандыгын күтүүдө

Дүйнө банкы Глобалдык экономикалык күтүүлөр отчетунун 2024  -жыл январь айындагы санын жарыялады. 

Отчетто глобалдык өсүүнүн бири биринин артынан  3 жылда да акырындашынын күтүлүп жаткандыгы белгиленди. 

Өткөн жыл үчүн 2,6 пайыз деп болжолдолгон глобалдык экономикалык өсүүнүн  2024 -  жылы  2,4 пайыз болору белгиленди. 2025 -  жылы 2,7 пайызга өсүшү күтүлүүдө. 

Отчетто глобалдык экономиканын бир жыл мурункуга караганда дагы жакшы жерде экенине көңүл бурулду.

Америка Кошмо Штаттарынын экономикасынын күчтүүлүгүнөн улам глобалдык рецессия коркунучунун азайганы айтылды. Бирок геосаясий тирешүүлөрдүн күчөшү кыска мөөнөттө дүйнөлүк экономика үчүн жаңы коркунучтарды жаратышы мүмкүн экени баса белгиленди.

Отчетто Түркиянын  2024 -  жылы 3,1 пайыз жана  2025 -  жылы  3,9 пайыздык өсүүсүнүн күтүлүп жаткандыгы да билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар