АКШ Түндүк Кореянын Россияга ракета беришин "катуу" айыптады

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан түштүк кореялык кесиптеши Чанг Хо-жин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2086885
АКШ Түндүк Кореянын Россияга ракета беришин "катуу" айыптады

АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын Россияга  баллистикалык ракета беришин "катуу" айыптады. 

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан түштүк кореялык кесиптеши Чанг Хо-жин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

"Түндүк Кореянын Россия менен күчөгөн аскердик кызматташтыгын жана Демилитаризацияланган зонадагы  чагымчыл аракеттерин талкуулаган Салливан жана Чанг Түндүк Кореянын Россияга баллистикалык ракеталарын жөнөтүп жатканын жана Россиянын бул ракеталарды Украинага каршы колдонуп жаткандыгын" мүмкүн болгон эң күчтүү сөздөр менен" айыптады. 

Сөз болуп жаткан ракеталардын трансферинин жана колдонулушунун  БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бир топ чечимин бузгандыгы жана аймактык коопсуздукту коркунучка салгандыгы баса белгиленди. 

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жана араларында АКШ, Австралия, Бельгия, Канада, Италия, Япония, Түштүк Корея жана Испания болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин колу коюлган биргелешкен билдирүүдө да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета экспорттоосу жана Россия сатып алган бул ракеталарды Украинага каршы колдонулушу "катуу" айыпталды. 

Билдирүүдө Түндүк Корея - Россия  кызматташтыгынын Европага, Корея жарым аралына жана Индо-Тынч океан аймагына тийгизе турган таасири тууралуу «терең тынчсыздануун» бар экендиги белгиленди.

Ак үй Улуттук Коопсуздук Кеңешинин стратегиялык коммуникациялар координатору Жон Кирби АКШнын санкцияларынан кийин Россиянын  курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо чөйрөсүнүн кыскарганын, Москванын аймактагы өнөктөштөрү менен дагы көп  аскердик кызматташуу изденүүсүнө киргендигин айткан. 

Түндүк Кореяны бул процессте Россияны баллистикалык ракеталар менен камсыз кылуу менен айыптаган Кирби : «Колубуздагы  маалыматтар Корея Элдик Демократиялык Республикасынын Россияга жакында баллистикалык ракета жана ракета аткычтарын жеткиргенин көрсөтүүдө. Орус күчтөрү да 30 -  декабрда Түндүк Корея ракеталарынан бирөөсүн Украинага атты",- деп билдирген.  



Тектеш кабарлар