АКШ менен Кытайдын аскердик сүйлөшүүлөрү

Эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин билдирүүлөрүнө караганда, 8-9-январда Вашингтондо 17-Кытай-АКШ коргоо саясаты координациялык сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

2086538
АКШ менен Кытайдын аскердик сүйлөшүүлөрү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Кытайдын ортосунда 2022-жылы үзгүлтүккө учураган аскердик сүйлөшүүлөр кайрадан башталды.

Эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин билдирүүлөрүнө караганда, 8-9-январда Вашингтондо 17-Кытай-АКШ коргоо саясаты координациялык сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Жолугушууда АКШ делегациясын Коргоо министринин Кытай, Тайвань жана Монголияга тиешелүү маселелер боюнча жооптуу орун басары Майкл Чейс, ал эми кытайлык делегацияны Кытайдын Борбордук аскердик комиссиясынын Эл аралык аскердик кызматташтык департаментинин башчысынын орун басары, генерал-майор Сонг Янчао жетектеди.

Пентагондун билдирүүсүнө караганда, катчынын орун басары Чейс: «АКШ менен Кытайдын ортосундагы атаандаштык жаңжалга айланып кетпеши үчүн аскердик байланыш каналдары ачык болушу керек»,-деп билдирди.

Индо-Тынч океан аймагындагы оперативдүү коопсуздуктун маанилүүлүгүнө көңүл бурган Чейс: «АКШ эл аралык укук уруксат берген жерде кыймылдайт, учат жана сүзүүнү улантат»,-деди.

Чейс ошондой эле Кошмо Штаттардын Индо-Тынч океан аймагындагы жана бүткүл дүйнөлүк альянстарына берилгендигин дагы бир жолу кайталады.

Түштүк Кытай деңизинде мыйзамдуу жол менен сүзүп жаткан филиппиндик кемелерге Кытайдын кысым көрсөтүүсүнөн ыңгайсыздыгын билдирген Чейс, эл аралык укукка ылайык ачык деңизде навигация эркиндигинин камсыздалышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

АКШ тарап Тайвань боюнча «бир Кытай» принцибине берилгендигин ырастады жана Тайвань кысыгында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушууда тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча да пикир алышты. Жыйында Орусия-Украина согушу жана Түндүк Кореянын ракета сыноолорунан улам пайда болгон коопсуздук маселеси күн тартибине киргизилди.

Тараптардын ортосундагы аскердик сүйлөшүүлөр палатанын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин 2022-жылы Кытай менен эгемендүүлүк талашы бар Тайванга сапарына байланыштуу үзгүлтүккө учураган.



Тектеш кабарлар