Израиль "жаңы жана азыраак интенсивдүү фазага киргенин" билдирди

Израиль армиясынын катчысы Даниел  Хагари өлкөсүнүн блокада астындагы Газа тилкесине карата оккупациясында "жаңы жана азыраак интенсивдүү фазага киргенин" билдирди.

2086243
Израиль "жаңы жана азыраак интенсивдүү фазага киргенин" билдирди

 Израиль армиясынын катчысы Даниел  Хагари өлкөсүнүн блокада астындагы Газа тилкесине карата оккупациясында "жаңы жана азыраак интенсивдүү фазага киргенин" билдирди.

Хагари Газадагы абал тууралуу АКШ борбору болгон The New York Times гезитине маалымат берди.

Израиль армиясынын Газага карата оккупациясында "жаңы жана азыраак интенсивдүү фазага киргенин" айткан Хагари Израилдин аз сандагы кургактык бөлүгү жана аба операциясына өтө баштагандыгын айтты.

Хагари «согуштун этаптарынын өзгөргөнүн» белгилеп, бул айда башталган процесс менен өлкөсүнүн Газадагы аскер санын азайтууну уланта тургандыгын айтты.

Израиль армиясынын «кенен масштабдуу маневралардын ордуна бутага карата чабуулдарга» багыт алышы менен Газанын түндүгүндөгү кол салуулардын күчү азая баштаганын белгилеген Хагари Израилдин өзгөчө Хан Юнус жана Газа тилкесинин ортоңку бөлүгүндөгү Дейрул ел  -  Балах шаарына көңүл бура турганын айтты.

Хагари  Израилдин жер которгон адамдар үчүн чатыр жана «дагы көп гуманитардык жардамдын Газага киришине уруксат берүүнү максат кылгандыгын» айтып,  өлкөсүнө карата «кыргын» айыптоолорун четке какты.

Израилдин жарандардын өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык чараны көргөнүн айткан Хагари, Хамастын «аскердик инфраструктурасын жарандык аймактарга жайгаштыруу менен жарандарды коркунучка салганын» белгиледи.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда  Израилге «Акса топону» деп аталган кенен масштабдуу бир кол салуу баштагандыгын жарыялаган.

Израиль армиясы да буга жооп кылып аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштагандыгын билдирген.

Күч алган чыңалууда  23 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар