Японияда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 202ге жетти

Исикава штатынын губернаторлугунан жасалган билдирүүдө айдын алгачкы күндөрү болгон бир нече жер титирөөдө каза болгондордун саны 202ге жеткендиги билдирилди.

2086260
Японияда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 202ге жетти

Япониянын батышындагы Исикава штаты жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны  202ге жетти.

 Исикава штатынын губернаторлугунан жасалган билдирүүдө айдын алгачкы күндөрү болгон бир нече жер титирөөдө каза болгондордун саны 202ге жеткендиги билдирилди.

Билдирүүдө штат боюнча эвакуациялоо пунктунда 28 миңден ашуун кишинин калганы, жолдордун жабылышынан улам 3 миң 300 кишинин жолдо калгандыгы белгиленди.

Эки жумага созулган эс алуу жана  кечээ  8 -  январь «Чоңдор күнүнө» карата расмий эс алуудан кийин  9 -  январда жалпы өлкөдө билим берүү башталып, Исикавада  80ден ашуун мектепте  билим бериле алган жок.

Билим берүүнү баштата албаган мектептердин жер титирөөдө зыян тарткандыгы белгиленди.

Министрлер кабинети 2023 финансылык жылдан баштап аймакты калыбына келтирүү үчүн 4,7 миллиард йен (33 миллион доллар) каржылоону бекитти.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына караганда, 1 – 5 - январь аралыгында Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен көптөгөн жер титирөө болгон.



Тектеш кабарлар