АКШда деңиз флотунун бир аскери жазага тартылды
АКШда деңиз флотунун бир аскеринин Кытайга "аскердик чалгындоо кабарын берди" деген айыптоо менен сот алдына чыгарылып, 27 ай абак жазасына тартылды.
АКШда деңиз флотунун бир аскеринин Кытайга "аскердик чалгындоо кабарын берди" деген айыптоо менен сот алдына чыгарылып, 27 ай абак жазасына тартылды.
АКШнын адилеттик министрлигинен берилген маалыматта 26 жаштагы Венхен Томас Чжаонун пара алуу үчүн кытай чалгын кызматына жашыруун маалыматтарды бергендиги үчүн соттолгондугу билдирилди.
Венхен Томас Чжаонун 27 ай абак жазасына тартылгандыгы, бошотулгандан кийин да эки жыл текшерүүдө болору белгиленди. АКШ деңиз флотунда иштеген Венхен Томас Чжао деңиз флотуна таандык аскердик маалыматтарды 2021 - жыл август айынан тарта Кытайдан бир чалгындоо кызматкерине билдиргени үчүн пара алуу менен айыпталган.
Венхен Томас Чжао жиберген маалыматтардын арасында Индо - Тынч океандагы АКШ аскердик машыгуусунун операциялык планынын да орун алгандыгы ортого салынган.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.