АКШ : "Ирактагы аскерлерди чыгаруу планыбыз жок"

Америка Кошмо Штаттарынын  Коргоо министрлиги (Пентагон) Ирактан аскерлерин чыгарып  планынын жок экенин билдирди.

2086321
АКШ : "Ирактагы аскерлерди чыгаруу планыбыз жок"

Америка Кошмо Штаттарынын  Коргоо министрлиги (Пентагон) Ирактан аскерлерин чыгарып  планынын жок экенин билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы  генерал Патрик Райдер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Азыркы учурда (аскерлерди чыгаруу) эч бир пландан кабарым жок",- деген Райдер террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде түзүлгөн Табигый чечкиндүүлүк операцияларынын бириккен күчү (CJTF-OIR) миссияларына көңл бурууну уланткандарын белгиледи. 

Райдер Ирак көмтүнүн чакыруусу менен аймакта экендерине көңүлдөрдү бурду. 

Иранга жакын Хашди  Шабиге караштуу шиит күяү Нужеба кыймылынын лидеринен "Эбу Таква ес  -  Саидинин  4 -  январда Багдадда АКШнын абадан кол салуусунда өлтүрүлгөндүгү билдирилген. 

Ирак өкмөтү кол салуудан АКШнын жол башчылыгындагы террордук уюм ДЕАШка каршы коалициянын жооптуу экендигин айткан. 

Ирактын премьер  - министри Мухаммед Шия ес  -  Судани да  5 -  январда жасаган билдирүүсүндө АКШнын Багдадда Хашди Шаби штабына карата кол салуусун айыптап "Өкмөт  катары коалиция күчтөрүн толугу менен жок кылуу үчүн эки тараптуу коалицияны иштетүүнү баштоо процессиндебиз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар