Гутерриш Газада алгач «жаңжалдын токтотулушу» зарылдыгын белгиледи

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 22-декабрдагы Газага жардам жеткирүү үчүн шашылыш кадамдарды таштоо чечиминен кийин Коопсуздук Кеңешине биринчи отчетун берди.

2085260
Гутерриш Газада алгач «жаңжалдын токтотулушу» зарылдыгын белгиледи

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Израилдин кол салууларын улантып жаткан Газага байланыштуу чечими тууралуу баяндамасында алгач «жаңжалдын токтотулушу» зарылдыгын белгиледи.

Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 22-декабрдагы Газага жардам жеткирүү үчүн шашылыш кадамдарды таштоо чечиминен кийин Коопсуздук Кеңешине биринчи отчетун берди.

Башкы катчы баяндамасында өзгөчө Газанын түндүгүндө болгон жарандардын өлүмүнө жана Израилдин кол салууларынан улам болгон кыйроонун көлөмүнө көңүлдөрдү буруп, «Биз кагылышуунун токтошуна муктажбыз»,-деди.

Отчетто Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) калк жыш жайгашкан аймактарда кеңири аймактагы жарылуучу куралдарды колдонуусунун натыйжасында «Газада ушул убакка чейин үйлөрдүн 60 пайыздан ашыгы зыянга учураган же кыйраган» деп эсептелди.

Отчетто БУУнун Палестиналык Качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) Газадагы бардык мекемелеринин координаттарын кагылышууга катышкан бардык тараптар менен бөлүшсө дагы уюмдун 125 мекемесине 193 кол салуу болгону, бул жайларга баш калкалаган 308 палестиналыктын каза болгондугу, болжол менен 1095 кишинин жараланганы ортого салынды.

Отчетто ошондой эле: «Израилдин Газадагы учурдагы аскердик операцияларынын башталышынан бери Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму саламаттыкты сактоо кызматтарын үзгүлтүккө учуратып, 600гө жакын адамдын өлүмүнө алып келди, анда 94 ооруканага жана башка медициналык мекемелерге жана 76 тез жардам унааларына таасир эткен 294 кол салуу катталды»,деген маалымат орун алды.

БУУнун баш катчысы баяндамасында Газанын түндүгүндөгү гуманитардык абалдын олуттуулугуна токтолуп, гуманитардык жардамдын шашылыш болушуна көңүл бурду.



Тектеш кабарлар