Блинкен: «Газадагылар үчүн абал оор бойдон калууда»

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өзүнүн социалдык медиа платформасы X эсебинен видео бөлүштү.

2085286
Блинкен: «Газадагылар үчүн абал оор бойдон калууда»

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газадагы көптөгөн адамдардын негизги муктаждыктарына жетүүдө кыйынчылык тартып жатканын жана ал жактагылар үчүн абалдын олуттуу бойдон калганын айтты.

Блинкен өзүнүн социалдык медиа платформасы X эсебинен видео бөлүштү.

Газадагы абалды аймактагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүү үчүн Жакынкы Чыгышка барганын белгилеген Блинкен : «Булар оңой диалогдор эмес, бирок Газанын келечеги үчүн да, израилдиктер жана палестиналыктардын келечеги үчүн да бул дипломатияны азыр жүргүзүүбүз абдан маанилүү»,-деп өз баасын берди.

Блинкен 7-октябрдан бери аймакка 4-жолу барганын белгилеп, биринчи күндөн бери кагылышуунун жайылышын алдын алууга көңүл бурушкандарын айтты.

Сапарынын алкагында шериктештери менен кагылышуунун жайылышын алдын алуу үчүн эмне кылуу керек экенин талкуулай тургандарын баса белгилеген Блинкен, карапайым калктын корголушу, гуманитардык жардамдын көбөйүшү жана калган туткундардын бошотулушу темаларын карай тургандарын белгиледи.

Блинкен: «Газада эркектер, аялдар жана балдардын абалы оор бойдон калууда. Өтө көп палестиналык, өзгөчө балдар набыт болду. Өтө көп адам тамак-аш, суу, дары-дармек жана жашоонун негизги муктаждыктарына жетүүдө чоң кыйынчылыктарга туш болууда», - деди.

Аймактагы ар бир адам үчүн ырааттуу, тынч жана коопсуз келечекке карай кадамдарга көңүл бура тургандарын баса белгилеген Блинкен : «Бул Газада кайра куруу, коопсуздукту камсыз кылуу жана Палестина жетектеген башкарууга ээ болуу үчүн керектүү иштер менен башталат»,-деп пикирин бөлүштү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Түркия, Греция, Иордания, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерин камтыган аймактык турнеге чыкты.



Тектеш кабарлар