Израилдик туткундардын үй - бүлөлөрү Катарга барышты

Газадагы туткундардын үй  -  бүлөлөрү Израиль менен Хамастын ортосунда жаңы туткун алмашуу келишиминин жолун ача турган сүйлөшүүлөрдү баштоо талабы менен биринчи жолу Катарга барды.

2085049
Израилдик туткундардын үй  -  бүлөлөрү Катарга барышты

Газадагы туткундардын үй  -  бүлөлөрү Израиль менен Хамастын ортосунда жаңы туткун алмашуу келишиминин жолун ача турган сүйлөшүүлөрдү баштоо талабы менен биринчи жолу Катарга барды. 

Израилдеги Channel 12нин кабарына караганда Газада кармалып турган  6 туткундун үй  -  бүлөсү Катарда АКШнын Катар элчиси Тимми Дэвис Катардын премьер  -  министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани менен жолугушат. 

Израилдик туткундардын үй  -  бүлөлөрү Газада кармалган жакындарынын кайтуусуна мүмкүнчүлүк бере турган жаңы туткун алмашуу келишими тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн баштатылышына колдоо издөө үчүн биринчи жолу Катарга барды. 

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниел Агари Газа тилкесинде Хамастын колунда  136 израилдик туткундун бар экендигин билдирген.

Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал - Кассам бригадалары 2023 - жылдын 7 - октябрында «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид - и Аксага каршы тынымсыз эреже  бузууларга жооп берүү» деген негиз менен Израилге кеңири кол салууну баштаган жана  көптөгөн израилдик туткунга алынган.

Газадагы кагылышууларга  2023 -  жылдын 24 -  ноябрында  4 күнгө берилген   андан кийин дагы 3 күнгө узартылган "гуманитардык тыныгууда" 81 израилдик жана  240 палестиналык туткун өз ара бошотулган. 

 



Тектеш кабарлар