Хамас чакырык салды

Хамас жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2084590
Хамас чакырык салды

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас, Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана эл аралык адам укуктары уюмдарына кайрылып, "Израилдин жүздөгөн палестиналыктарды Чыгыш Кудстан күч менен чыгаруусуна жол бербөөгө" чакырды.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, БУУнун жана эл аралык адам укуктары уюмдарынын, Израилдин «Чыгыш Кудста жана 1948-жылы басып алынган жерлеринде жашаган жүздөгөн палестиналыктардын күч менен үйлөрүнөн жана шаарларынан сүрүлүп чыгарылышын» көздөгөн расисттик чечимин ишке ашыруусуна тоскоол болушу керектиги белгиленди.

Бул кадамдын «палестиналыктарды мажбурлап сүрүп чыгаруу менен өз жерлеринен жок кылуу планын ишке ашыруу» экени кабарланган билдирүүдө, Израилдин этникалык тазалоосун болтурбоо жана анын башкаруучуларын элге, жерге жана ыйык жайларга каршы уланып жаткан кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартуу чараларын көрүү чакырыгы айтылды.

Израиль армиясынын радиосунун кабарында, Тель-Авив башкаруучулугунун февралда жарандык мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн кийин израилдик араб жарандары менен Чыгыш Кудста «туруктуу жашоо» статусуна ээ жүздөгөн палестиналыктарды Батыш Шериага жөнөтүүгө даярданып жатканы айтылган болчу.   



Тектеш кабарлар