Гутерриш Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууну кубаттады

БУУнун басма сөз кеңсесинен жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

2084684
Гутерриш Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууну кубаттады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууну кубаттады.

Бул тууралуу БУУнун басма сөз кеңсесинен жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Мунун Орусиянын 2022-жылдын февралында «Украинага басып киришинен» кийинки эң чоң туткун алмашуу экенине көңүл бурулган билдирүүдө, ушул алкакта 230 украиналык жана 248 орусиялык туткундун бошотулганы белгиленди.

Билдирүүдө Гутерриштин туткун алмашууну жылуу кабыл алганы жана Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) ортомчулук иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдиргени айтылды.

Гутерриштин бул кадамдын дагы көп туткун алмашууга алып келерин ойлогону, анын негизинде чыңалууну басаңдатуу аракеттерине салым кошору күтүлгөнү белгиленди.

БАЭ кечээ өзүнүн ортомчулугунда Орусия менен Украинанын ортосунда "согуш башталгандан берки эң чоң туткун алмашуулардын бири" болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар