Францияда сел жүрдү
Пас-де-Кале провинциясында ушул убакка чейин үйлөрүнөн эвакуациялангандардын саны 371ге жетти.
Франциянын түндүгүндө жана чыгышында бир нече күндөн бери уланып жаткан селдин айынан бир адам каза болду.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, жандармерия топтору кечээ селден жабыркаган Луара-Атлантик провинциясында суу астында калган унаанын ичинен 73 жаштагы бир кишинин жансыз денесин табышты.
Сел жана суу ташкындарынан олуттуу жабыр тарткан түндүктөгү Пас-де-Кале провинциясында ушул убакка чейин үйлөрүнөн эвакуациялангандардын саны 371ге жетти.
Аймак боюнча 189 кыштак жана шаарда 1299 үй селден зыян тартты.
Франциянын метеорология башкармалыгы, сел жүргөн Пас-де-Каледе эң кооптуу абал болгон «кызыл эскертүүнүн» улана турганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.