Россия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуу

Москва менен Киевдин ортосундагы туткун алмашуунун натыйжасында Россияга  248 киши Украинага 230 аскер жана жаран кайтты.

2084108
Россия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуу

Москва менен Киевдин ортосундагы туткун алмашуунун натыйжасында Россияга  248 киши Украинага 230 аскер жана жаран кайтты. 

Украинага кайткандардын бир бөлүгү Мариуполь жана «Азовсталь»  кагылышуусуна катышкан.

Киев Россиядагы украиналык  200 туткун аскер жана жаранды кайтарып алды. Бул тууралуу президент Владимир Путин маалымат берди. Зеленский кайтарылгандардын арасында айрымдарынын Мариуполь жана «Азовсталь»  кагылышуусуна катышкан аскер, сержанттар жана офицерлердин бар экендигин айтты. 

Украина согуштук туткундар координациясы штабынын андан кийин берген маалыматына караганда кагылышуулар башталган  2022 -  жыл февраль айынан ушул кезге чейин эң чоң туткун алмашуу менен кайткан украиналыктардын саны  230 болду. 

Билдирүүгө ылайык, кайтып келгендердин арасында Эл аралык Кызыл Крест комитети тарабынан бекитилген согуш туткуну статусуна ээ болгондор (182  киши), ошондой эле дайынсыз жоголгон деп эсептелген украин аскерлери да бар.

Украиналык  акыйкатчы Дмитрий Лубинец 230 украиналык туткун “үйүндө” экендигин ырастады.

Россиянын коргоо министрлиги да Украинадан Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн  248  мүчөсүнүн кайтып келгендигин билдирди. Министрлик туткун алмашуунун Бириккен Араб Эмирликтеринин гуманитардык ортомчулук аракети менен мүмкүн болгондугун кошумчалады. 

Коргоо министрлигинин берген маалыматына караганда Россия Федерациясынын аба жана космостук күчтөрүнө таандык учактар менен өлкөгө алып келингенден кийин дарылануу жана реабилитациялоо үчүн саламаттыкты сактоо мекемелерине өткөрүлөт.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар