Путин Ирандагы террордук кол салууну айыптады
Путин Ирандын диний лидери Али Хаменеи менен Ирандын президенти Ибрахим Реисиге жолдогон катында, Кермандагы теракттын трагедиялуу натыйжаларына байланыштуу көңүл айтты.
2084210
![Путин Ирандагы террордук кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0fcb/bc85/0e3b/654370971c4ab.jpg?time=1718861185)
Орусиянын президенти Владимир Путин, Ирандын Керман шаарындагы террордук кол салууну айыптады.
Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин Ирандын диний лидери Али Хаменеи менен Ирандын президенти Ибрахим Реисиге жолдогон катында, Кермандагы теракттын трагедиялуу натыйжаларына байланыштуу көңүл айтты.
Карапайым адамдардын өлтүрүлүшүнө терең кайгырганын билдирген Путин: «Биз терроризмдин бардык түрлөрүн жана көрүнүштөрүн катуу айыптайбыз. Бул жамандыкка каршы күрөшкө колдообузду дагы бир жолу тастыктайбыз»,-деди.
Ирандын Керман провинциясында Төңкөрүш сакчылары армиясынын Кудс күчүнүн мурдагы командири Касем Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгон эки жардыруудан 95 киши каза болгон.