НАТО өлкөлөрү 1000 даана "Патриот" ракетасын сатып алат
Сатып алына турган "Патриот" ракеталарынын НАТО өлкөлөрүнүн өз запастарынан Украинага көбүрөөк ракета жеткирүүсүнө шарт түзөрү айтылды.
НАТОнун коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында 1000 даана "Patriot" абадан коргонуу ракетасын сатып алууну пландап жатканы билдирилди.
Немис медиасынын НАТОнун камсыздоо агенттиги NSPAга таянып берген кабарларында, 5,5 миллиард долларлык ракеталардын мүчө өлкөлөр тарабынан биргелешип сатып алынаары белгиленди.
Сатып алына турган "Патриот" ракеталарынын НАТО өлкөлөрүнүн өз запастарынан Украинага көбүрөөк ракета жеткирүүсүнө шарт түзөрү, мунун да Украинанын өзүнүн жерин Орусиянын чабуулдарынан жакшыраак коргой аларын туюнтканы айтылды.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да альянстын өнөктөштөрүнүн билдирүүсүн кубаттап: «Бул инвестиция трансатлантикалык коргонуу кызматташтыгынын күчүн жана НАТОнун элдерибиздин коопсуздугуна колдоосун көрсөтөт»,-деп баа берди.
Ракеталарды европалык коргонуу өндүрүүчүсү MBDA менен америкалык Raytheon компаниясынын биргелешкен ишканасы өндүрөт.
Ракеталардын өндүрүшү учурда техникалык колдоо көрсөтүлүп жаткан Бавариянын Шробенхаузен шаарында ишке ашырылат.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.
Газа байланыш тобунун Израилге карата чакырыгы...
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.