Израиль-Ливан чек арасында эки тараптуу кол салуулар болуп жатат

Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, согуштук учактар ​​Ливандагы Хизбуллах түзүмүнө абадан кол салды.

2083896
Израиль-Ливан чек арасында эки тараптуу кол салуулар болуп жатат

Израиль армиясы аймакта күчөгөн чыңалуудан кийин Ливандын түштүгүндөгү Хизбуллах буталарына абадан сокку урганын жарыялады.

Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, согуштук учактар ​​Ливандагы Хизбуллах түзүмүнө абадан кол салды.

Израилдин артиллериялык бөлүктөрү Ливандын территориясынан Израилге бир нече жолу атылган окко жооп кайтарышкандыгы билдирилди.

Хизбуллах кыймылы да Ливандын түштүгүнөн чек арадагы Израилдин 2 аскердик пунктуна чабуул болгонун жарыялады.

Хизбуллах Израилдин Зирит жана Жел-Алемдеги аскерий пункттарын тиешелүү куралдар менен бутага алганын билдирди.

ХАМАСтын лидери Салих аль-Арури жана ХАМАСтын 6 жогорку даражалуу өкүлү кечээ Ливандын борбору Бейруттун түштүгүндө учкучсуз учуучу уппараттын чабуулунан каза болгон.

Израиль сөз болуп жаткан кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуудан баш тартты жана Хизбуллах Аруринин өлтүрүлүшү «жоопсуз калбай» турганын билдирди.

«Хизбуллахтын» баш катчысы Хасан Насралла кийинчерээк бул маселе боюнча сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар