Евробиримдиктен орусиялык компанияга санкция

Европа Биримдигинин Украинага кол салууларынан улам Орусияга киргизген санкция тизмесиндеги адам жана мекемелердин саны 1950гө жетти.

2083735
Евробиримдиктен орусиялык компанияга санкция

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияда жайгашкан дүйнөдөгү эң ири алмаз өндүрүүчү «Alrosa» компаниясын жана анын жогорку даражалуу жетекчисин санкциялык тизмеге кошту.

Евробиримдик Кеңеши, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына коркунуч туудурган иш-аракеттер үчүн жоопкерчиликтүү деген жүйө менен бир адам жана фирмага каршы чектөө чараларынын көрүлгөнүн жарыялады.

Кеңештин билдирүүсүндө, Орусиянын алмаз казуучу «Алроса» компаниясы жана анын  жетекчиси Павел Алексеевич Маринычевдин санкциялык тизмеге кошулганы кабарланды.

"Алросанын" орус мамлекетине таандык, өлкөдөгү алмаз өндүрүшүнүн 90 пайыздан ашыгын ишке ашырган дүйнөдөгү эң чоң алмаз казуучу компания экени белгиленген билдирүүдө, компаниянын мамлекетке олуттуу көлөмдө киреше камсыздагандыгы да эске салынды.

Билдирүүдө Европа Биримдигинин декабрь айында кабыл алган 12-санкция пакетинин алкагында Орусиядан алмаз импорттоого тыюу салынганы, акыркы чечим менен алмаз импортуна тыюу салуу алкактарынын толукталганы айтылды.

Бул акыркы ишке ашыруу менен бирге Европа Биримдигинин Украинага кол салууларынан улам Орусияга киргизген санкция тизмесиндеги адам жана мекемелердин саны 1950гө жетти.

Евробиримдиктин санкцияларына саякатка тыюу салуу, активдерди тоңдуруу жана тизмедегилерге акча которууга тыюу салуу кирет.



Тектеш кабарлар