Франциядагы эскертүү
Пас-де-Каленин тургундарынан дарыялар, көлдөр жана сайлар сыяктуу суу булактарынан алыс болуу жана унааларын колдонбоо талап кылынды.
Франциянын Пас-де-Кале обулусунда суу ташкындарынан улам "кызыл эскертүү" жарыяланды.
Ички иштер министри Жеральд Дарманин социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Пас-де-Каледеги суу ташкындарына байланыштуу президент Эммануэль Макрондун көрсөтмөсү менен облуста дагы 120 өрт өчүрүүчүнүн милдеттендирилгенин айтты.
Франциянын метеорология башкармалыгы тарабынан жарыяланган билдирүүгө караганда, сел жүргөн Пас-де-Каледе этияттык үчүн эң жогорку коркунуч деңгээли болгон «кызыл эскертүү» жарыяланды.
Пас-де-Каленин тургундарынан дарыялар, көлдөр жана сайлар сыяктуу суу булактарынан алыс болуу жана унааларын колдонбоо талап кылынды.
Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, облустагы суу ташкындары жашоого терс таасирин тийгизип жатканда, аймактын тургундарынан үйлөрдүн үстүнкү кабаттарында калып, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөсү менен гана үйлөрүн көчүрүү талабы коюлду.
Пас-де-Каледеги Аа дарыясы ташкындоо коркунучунда турса, облустагы Блендек кыштагында бир футбол талаасы толугу менен суу астында калды.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.