Японияда учак өрттөндү
Жээк коопсуздук учагына урунган жүргүнчү учагында өрттүн чыккандыгы билдирилди.
2083138
Япониянын борбо шаары Токиодогу Ханеда аэропортунун учуу тилкесиндеги бир учакта чыккан өрттө 5 киши каза болду.
Жээк коопсуздук учагына урунган жүргүнчү учагында өрт чыкты.
Өрттөнгөн учактагы 367 жүргүнчү жана 12 экипаж эвакуациялангандыгы маалымдалды.
Жүргүнчү учагы менен кагылышкан Япония жээк коопсуздук күчтөрүнө тандык учактагы 6 кызматкреден бешөөсүнүн каза болгондугу билдирилди. Кырсыктан кутулган учкучтун саламаттыгынын оор экендиги белгиленди.
Ханеда аэропорту өрттөн улам жабылып, учактар башка аэропортторго багытталууда.