Польша аба аянтында белгисиз объектинин учкандыгын билдирди
Польшанын куралдуу күчтөрүнүн операция командирлиги өлкөнүн аба мейкиндигине Украина багытынан "аныктала албаган, учкан объектинин" киргендигин жана андан кийин сигналдын радарда жоголгондугун билдирди.

Командирликтин социалдык медиа платформасы Х эсебинен бул тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө өлкөнүн абадан коргонуу системасы радарларынын Украина тараптан аба мейкиндигине кирген «белгисиз, учуучу объектини» аныктаганы белгиленди.
Билдирүүдө радарга кирген объекттин сигналы кийинчерээк жоголуп, объектти табуу үчүн издөө иштери башталганы айтылды.
Премьер - министр Дональд Туск коргоо министри Владислав Косниак-Камыс армиянын командирлерин жана улуттук коопсуздук органдарын бул маселени талкуулоо үчүн жыйынга чакырганы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.