Xiaomi компаниясы алгачкы электр унаасын көрсөттү

SU7 деп аталган седан модели, Xiaomi'нин популярдуу телефондору менен бирдей системада иштейт.

2081853
Xiaomi компаниясы алгачкы электр унаасын көрсөттү

Кытайлык смартфон өндүрүүчүсү Xiaomi, өзүнүн биринчи электр унаасын тааныткан иш-чарада дүйнө жүзү боюнча алдыңкы беш унаа өндүрүүчүнүн бири болуу максатын да жарыялады.

SU7 деп аталган седан модели, Xiaomi'нин популярдуу телефондору менен бирдей системада иштейт.

Таанытуу аземинде сөз сүйлөгөн Xiaomiнин башкы директору Лей Жун, компаниянын максаттарынын биринин Porsche жана Tesla менен атаандаша ала турган «кыялдагы унааны» иштеп чыгуу экенин айтты.

Лей Жун: «Алдыдагы 15-20 жылдын ичинде катуу иштеп, дүйнөдөгү эң мыкты 5 унаа өндүрүүчүлөрдүн бири болобуз жана Кытайдын автоиндустриясын өнүктүрүүгө умтулабыз», - деди.

Xiaomi, жакынкы он жылдын ичинде автомобиль өнөр жайына 10 миллиард долларлык инвестиция салууну пландаштырууда.

Xiaomi брендиндеги автоунаалар, BAIC Group мамлекеттик автоконцернинин бирдиги тарабынан жылына 200 миң унаа чыгара турчу Пекиндеги заводдо өндүрүлөт.



Тектеш кабарлар