Макрон Газадагы жарандык жоготуулардан тынчсызданууда

Елисей сарайынан берилген маалыматта  Макрондун Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу  Газадагы жана аймактагы абалды сүйлөшкөнү белгиленди.

2081750
Макрон Газадагы жарандык жоготуулардан тынчсызданууда

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Газадагы жарандар бетме  - бет келген оор жоготуулардан тынчсыздангандыгы билдирилди. 

Елисей сарайынан берилген маалыматта  Макрондун Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу  Газадагы жана аймактагы абалды сүйлөшкөнү белгиленди. 

Маалыматта Макрондун Нетаньяхуга кагылышуулар күчөгөн мезгилде Газадагы жарандар учураган оор жарандык жоготуулар жана ал жердеги чукул гуманитардык абалдан тынчсызданганын айтканы билдирилди. 

Макрондун Израилдин жарандарды коргоо мажбурдуулугунун бар экендигин эскерткендиги белгиленген билдирүүдө Франциянын президентинин сүйлөшүүдө Газадагы элге тезирээк керектүү жардамдын жеткирилиши керектигин баса белгилегендиги айтылды. 

Билдирүүдө Эмманюэль Макрондун бардык эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн жардамы менен  туруктуу ок атышпоо үчүн иштөө керектигин жактагандыгы белгиленип : "Франция алдыдагы күндөрдө Иордания менен бирге Газага гуманитардык жардам операцияларын жүргүзөт»,-деп айтылды. 

Француз лидердин Израилдин жөөт отурукташуучулардын палестиналык жарандарга карата зомбулугуна жана Батыш Шериада жаңы отурукташуу долбоорлорун токтотуу үчүн керектүү чараларды көрүүсү керектигин баса белгилегени билдирилген маалымата бул абалдын эки мамлекеттүү чечүүчү жолду коркунучка салгандыгына байланыштуу баа берүүсүн орун берилди. 

Бир тараптан билдирүүдө Макрондун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1701  номердүү чечим долбоорун толугу менен ишке ашыруунун маанисине көңүл бурганы белгиленди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1701 номердүү чечим долбоору Израилди Көгүлтүр  линиянын артына чегинүүнү жана бул линия менен Ливандагы Литани дарыясынын ортосундагы аймакты куралсыздандырууну, бул жерде бир гана Бириккен Улуттар Уюмунун Ливандагы Убактылуу Тынчтык Күчүнө (UNIFIL) таандык  курал - жарак жана аскердик каражаттардын болушун күтүүдө. 

 



Тектеш кабарлар