Азербайжандын Париждеги элчиси Франциянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин кечээки билдирүүсүндө, Франциянын Бакудагы элчиси Анн Буайондун министрликке чакыртылганы кабарланган.
Азербайжандын Париждеги элчиси Лейла Абдуллаева Франциянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Париж башкаруучулугунун Азербайжандын Франциянын Бакудагы элчилигиндеги эки кызматкерин «персона нон грата» деп жарыялоо чечимин каттаганы кабарланды.
Билдирүүдө Азербайжандын бул чечимди актоо дооматтарын Франциянын чечкиндүү түрдө четке какканы белгиленди.
Франциянын да өз ара принцибинин алкагында Азербайжандын Париждеги элчилигинде иштеген эки кишини «персона нон грата» деп жарыялаганы жана элчи Абдуллаеванын бул маселе боюнча маалыматтандырылышы үчүн министрликке чакыртылганы маалымдалды.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин кечээки билдирүүсүндө, Франциянын Бакудагы элчиси Анн Буайондун министрликке чакыртылганы кабарланган.
Билдирүүдө, элчи Буайонго эки кызматкеринин 1961-жылкы Вена дипломатиялык карым-катнаш конвенциясына карама-каршы келген иш-аракеттерди жасагандыгы себептүү «персона нон грата» деп жарыяланганы айтылган.
Бул эки дипломаттан 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүлөрү талап кылынып, Азербайжандын нааразылык нотасы да элчиге тапшырылган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.