Пакистанда Фатах-2нин сыноосу ийгиликтүү өттү
Пакистан армиясынын билдирүүсүндө, бул ракета аткыч системанын заманбап авионикалык технологиялар менен жабдылганы белгиленди.
2081499
Пакистандын өлкө ичинде иштелип чыккан башкарылуучу көп стволдуу ракета аткыч системасы Фатах-2ни ийгиликтүү сынаганы кабарланды.
Пакистан армиясынын билдирүүсүндө, бул ракета аткыч системанын заманбап авионикалык технологиялар менен жабдылганы белгиленди.
Билдирүүдө, Фатах-2 сыноосунун ийгиликтүү аткарылганы жана 400 километр аралыктагы буталарда жогорку ийгиликти көрсөткөнү маалымдалды.
Бир тараптан президент Ариф Алви менен жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин сыноолорго катышкан аскер жана илимпоздорду куттуктаганы билдирилди.
Пакистан 2021-жылы да Фатах-1дин сыноолорун өткөргөн.