Нигерияда мунай түтүгүндө жарылуу болду
Жарылууда 20 киши каза болду.
2081491
Нигериянын Риверс штатында мунай түтүгүндө болгон жарылууда 20 киши каза болду.
Улуттук басма сөздөгү кабарларда Риверс штатына караштуу Омоку аймагындагы мунай фирмасынын түтүгүнүн мунай уурдоону каалаган жаштар тарабынан зыянга учуратылгандыгы билдирилди.
Бул учурда чыккан жарылууда 20 киши каза болгону жана көп сандаган кишинин жаракат алгандыгы белгиленди.
Жетекчилер окуя болгон жерге куткаруу - издөө топторунун жиберилгендигин белгилеп, жарылуу тууралуу изилдөөнүн баштатылгандыгын айтышты.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.