Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүү өткөрдү

Ирандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Абдуллахиян орус кесиптеши Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2081230
Иран менен Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөшүү өткөрдү

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Ирандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Абдуллахиян орус кесиптеши Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Түштүк Кавказдагы акыркы абалдар менен кээ бир аймактык жана эл аралык маселелер каралды.

Абдуллахиян Азербайжан менен Армениянын ортосунда туруктуу тынчтык келишимине жетишүү үчүн сүйлөшүү процессин кубаттагандарын белгилеп, Ирандын аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшүн колдогондорун айтты.

Лавров болсо Ирандын Евразия Экономикалык Биримдиги менен Эркин соода келишимине кол коюусун кубаттап, сөз болуп жаткан келишимдин Иран, Орусия жана Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын өнүгүшү үчүн маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Өлкөсүнүн Ирандын жеринин бүтүндүгүн «шартсыз» урматтаганын белгилеген Лавров мунун Орусиянын өзгөрүлгүс мамилеси экенин белгиледи.

Лавров эки өлкөнүн Рашт-Астара темир жол долбоорунда кызматташтыгына токтолуп, өлкөсүнүн долбоордун ишке ашырылышын тездетүүгө чечкиндүүлүгүн билдирди.



Тектеш кабарлар