Иорданиянын тышкы иштер министри Египетте

Министрлер Палестина калкына эл аралык коргоону камсыз кылуу жана  чукул түрдө  гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселесин талкуулашты.

2081227
Иорданиянын тышкы иштер министри Египетте

Иордания жана Египет Израилдин  82 күндөн бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесиндеги абалдар жана ок атышпоо аракеттери тууралуу сүйлөштү. 

Иорданиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда расмий жолугушуулардын негизинде Египетке барган Иорданиянын тышкы иштер министри Еймен ес  - Сафеди борбор шаар Каирде египеттик кесиптеши Самих Шукри менен жолугушту. Газа тилкесиндеги абалдар тууралуу сүйлөшкөн министрлер ок атышпоонун түзүлүшү үчүн эки боордош өлкөнүн арасында жүргүзүлгөн кеңешүү жана координация процессине баа беришти.

Министрлер Палестина калкына эл аралык коргоону камсыз кылуу жана  чукул түрдө  гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселесин талкуулашты.

Министрлер 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган Газа тилкесине гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча 2720 номердүү чечиминин аткарылышы жана ок атышпоонун камсыздалышы керектигин баса белгилешти.

Орток мааниге ээ болгон маселелер боюнча биргелешкен кызматташтыкты жана координацияны чыңдоо эки өлкөнүн  каалоосу жана аймактык кризистерди чечүү аракети экенин баса белгилеген министрлер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода мамилелерин кеңейтүүнүн маанилүү экенине көңүлдөрдү бурушту.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларга жооп берүү» деген негиз менен Израилге кеңири кол салуу баштады.

Израиль 7 - октябрдагы кол салууларда 1200 израилдиктин каза болгонун,  5132 кишинин да  жарадар болгонун жарыялады.

Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде  8 500зү бала, 6 300ү аял болгон 20 миң 915 палестиналык каза болуп, 54 миң 918 киши жараланды. Уранды астында миңдеген кишинин сөөгүнүн бар экендиги билдирилип,  адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып, жарандык инфраструктура талкаланууда.

Израиль армиясы Газа тилкесине кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери 495 аскеринин каза болгондугун, алардын ичинен  161нин кургактыктан жүргүзүлгөн операцияда каза болгонун жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар