Япониянын космостук аппараты Айдын орбитасына кирди

"Moon Sniper" каймана аттуу SLIM аппаратынын жуманын башында Айдын орбитасына ийгиликтүү киргени маалымдалды.

2081284
Япониянын космостук аппараты Айдын орбитасына кирди

Япониянын космостук изилдөө агенттигине (JAXA) таандык "SLIM" Айга конуучу аппаратынын спутниктин орбитасына киргени кабарланды.

JAXA өз билдирүүсүндө "Айды изилдөө үчүн акылдуу конуучу аппараттын" (SLIM) космостук саякат маалыматын жаңылады.

"Moon Sniper" каймана аттуу SLIM аппаратынын жуманын башында Айдын орбитасына ийгиликтүү киргени маалымдалды.

Билдирүүдө: «Орбиталык алмашуу пландаштырылгандай ишке ашты жана зонддун шарттарында адаттан тыш эч нерсе болгон жок» деп айтылды.

Конуучу аппараттын Айга карай ылдыйлашынын 20-январдан тарта башталарынын күтүлүп жатканы кабарланды.



Тектеш кабарлар