Аббастын Газада бийликти колго алуу үчүн 3 шарты бар

Аббастын Египеттин "On" каналына берген маегин Палестинанын мамлекеттик телеканалы көрсөттү.

2081152
Аббастын Газада бийликти колго алуу үчүн 3 шарты бар

Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Палестина башкаруусунун Газадагы жоопкерчиликти өзүнө алуусу үчүн кол салуулардын толугу менен токтотулушу, гуманитардык жардамдардын жеткирилиши жана палестиналыктардын депортацияланышына бөгөт коюлушу керектигин белгиледи.

Аббастын Египеттин "On" каналына берген маегин Палестинанын мамлекеттик телеканалы көрсөттү.

Газадагы кол салуулардын толугу менен токтотулушун жана гуманитардык жардамдардын жеткирилишин каалагандарын белгилеген Аббас, палестиналыктардын мекенинен көчүп кетүүсүнө бөгөт коюуну суранды.

Израил Газадан чыгып кетсе жоопкерчиликтерин аткарууга даяр экендиктерин белгилеген Аббас, Палестина башкаруучулугунун Газа, Батыш Шериа жана Кудустагы жалгыз Палестина мамлекети катары жоопкерчиликтерин алууга даяр экенин билдирди.

Аббас: «Эл аралык конференция каалаган убакта өткөрүлүшү мүмкүн. Биз абалды эл аралык мыйзамдуулуктун ишке ашуусу жана Газа, Батыш Шериа жана Кудсту камтыган Палестина мамлекетинин негизинде иликтөөгө даярбыз»,-деди.

Израилдин Газада Палестинанын башкаруусун каалабаганына көңүл бурган Аббас : "Израиль бул жерде калып, Палестина жерлеринен айрым жерлерин бөлүп алууну каалайт. Бирок дүйнө муну кабыл албайт. Теориялык жактан АКШ да буга каршы»,-деп айтты.

Аббас Иордания жана Египет менен ок атышпоо аракетинин алкагында карым-катнаштардын уланып жатканын, жакын арада Бириккен Араб Эмирликтери жана Катар сыяктуу өлкөлөрдүн катышуусунда ок атышпоо маселеси жана согуштан кийинки жол картасы болгон жолугушуу өткөрүлө турганын белгиледи.

«Израиль 1948-жылдагыдай эле Батыш Шериа менен Газадан палестиналыктарды кууп чыгууну каалайт. Израиль, Нетаньяху жана азыркы өкмөт палестиналыктарды жана Палестина администрациясынан кутулууну пландоодо»,-деп айткан Аббас: «Израилди колдогон АКШ. Бир эле сигнал менен согушту токтото алат. Америкалыктар Израиль аларды укпайт деп жатышат. Биз аларга ишенбейбиз. Газада болгон окуя дүйнөнүн эч бир жеринде болгон эмес. Болгон окуя 1948-жылдагы Накбадан да жаман. Газада жаңы жашоону кайра баштоо үчүн ондогон миллиард доллар керек»,-деп өз пикирлерин айтты.



Тектеш кабарлар