Израиль палестиналыктарды жарым жылаңач чечиндирип көрсөттү

Израиль аялдар жана балдар дебестен Газада кыргындарды кылып, тирүү калган газалыктарга каршы ар кандай адамкерчиликсиз аракеттерге барууда.

2080801
Израиль палестиналыктарды жарым жылаңач чечиндирип көрсөттү

Израиль күчтөрү 81 күндөн бери бомбалап жаткан Газа тилкесиндеги бир стадиондо, балдар менен кары-картаңдар да арасында болгон палестиналыктарды жарым жылаңач чечиндирип көрсөттү.

Израиль аялдар жана балдар дебестен Газада кыргындарды кылып, тирүү калган газалыктарга каршы ар кандай адамкерчиликсиз аракеттерге барууда.

Израиль аскерлери тарабынан камакка алынган палестиналыктарга карата жасалган мамиле, Израилдин эч бир эл аралык укукту тааныбастан адам укуктарын кантип тебелеп жатканын дагы бир жолу ачыкка чыгарды.

Палестина медиасында жарыяланган видеолордо, мажбурлап көчүрүлгөн көптөгөн палестиналык жарандардын Израиль аскерлери тарабынан кармалып, Газадагы бир стадиондо жарым жылаңач чогултулганы байкалды.

Көрүнүштөр Израиль күчтөрүнө таандык танктардын замбиректеринин да балдар жана карылардан турган палестиналыктарды көздөй багытталганын ортого салууда.

Палестиналыктардын бирине таандык жуурканга оролгон бир наристенин да куралчан израилдик аскердин кучагында турганы байкалды.

Израиль армиясы мурда да жарым жылаңач, колдору жана көздөрү байланган палестиналыктардын видеосун бөлүшүп, адамкерчиликсиз көрүнүштөр чоң реакция жараткан.



Тектеш кабарлар