Иран, Иордания жана Египеттин дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Лидерлер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

2080859
Иран, Иордания жана Египеттин дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян иорданиялык жана египеттик кесиптештери менен сүйлөшүү өткөрүп, Израилдин Газадагы кол салуулары жана аймактагы гуманитардык кризисти талкуулады.

Иорданиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Абдуллахиян иорданиялык кесиптеши Айман Эс-Сафеди менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Израилдин Газага кол салууларын токтотуу жана гуманитардык жардам жеткирүү аракеттери талкууланды.

Абдуллахиян Иорданиянын жана падыша Абдулла IIнин Палестина маселесине колдоо көрсөтүү үчүн жүргүзгөн иш-аракеттерин жогору баалады.

Сүйлөшүүдө Сирия аркылуу Иорданияга баңги аткезчилиги жана андан келип чыккан коркунуч да каралды.

Сафеди Иорданиянын баңги аткезчилигин улуттук коопсуздукка коркунуч катары кабыл алганын жана аны жок кылуу үчүн бардык чараларды көрөрүн билдирди.

Бир тараптан Абдуллахиян египеттик кесиптеши Самих Шукри менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Египеттин Тышкы иштер министрлигинин Фейсбук баракчасындагы билдирүүдө, Газадагы гуманитардык кризис жана аны жеңилдетүү үчүн эл аралык деңгээлде көрүлгөн аракеттер менен эки өлкөнүн ортосундагы маселелердин сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Шукри Абдуллахиянга Египеттин Газада ок атышпоонун камсыздалышы жана гуманитардык жардамдардын агымынын кепилдиги үчүн жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.



Тектеш кабарлар