Макрон Израилдин кол салууларынын бутасы болгон чиркөөлөр боюнча үн катты

Елисей сарайынан берилген маалыматка караганда Макрон Христиан дүйнөсү майрамдоого даярданып жаткан Рождествонун алдында Кудстун Латын патриархы архиепископ Пиербаттиста Пиццабалла менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2080391
Макрон Израилдин кол салууларынын бутасы болгон чиркөөлөр боюнча үн катты

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Израилдин кол салууларынын бутасы болгон Газадагы католик чиркөөсүнүн «трагедиялуу» абалына «терең тынчсызданганы» билдирилди.

Елисей сарайынан берилген маалыматка караганда Макрон христиан дүйнөсү майрамдоого даярданып жаткан Рождествонун алдында Кудстун Латын патриархы архиепископ Пиербаттиста Пиццабалла менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Макрон 16-декабрда Газадагы Ыйык Үй-бүлө католик чиркөөсүнө израилдик аскерлердин кол салуусунда каза болгон эки христиан үчүн архиепископ Пиццабаллага көңүл айтты.

Макрон Израилдин Газадагы кол салууларынын бутасы болгон жана «бардык диндердин жүздөгөн жарандары баш калкалаган» Ыйык Үй-бүлө католик чиркөөсүндөгү «трагедиялуу абалга» байланыштуу «терең тынчсыздануусун» билдирди.

Франциянын Кудстагы Башкы консулдугу аркылуу жүргүзгөн, Христиан жамааттарын коргоо боюнча өзүнүн «жоопкерчилигине жана ролуна» байланыштуу убада берген Макрон, ал «тарыхый мурас» деп атаган бул жоопкерчиликтин христиан жамааттары туш болгон «учурдагы коркунучтарга» каршы «толугу менен» милдеттенээрин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар