Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы камакка алуулар

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн бүгүн эртең менен Тулкерим, Наблус, Рамалла, Бетлехем, Хеврон жана Чыгыш Кудста жүргүзгөн операцияларында дагы 35 кишини камакка алынганы белгиленди.

2080600
Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстагы камакка алуулар

7-октябрдан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста Израиль күчтөрү тарабынан камакка алынган палестиналыктардын саны дагы 35 кишинин камалышы менен 4730га жетти.

Палестинанын туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу Палестина туткун иштери боюнча комитетинен темага байланыштуу биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн бүгүн эртең менен Тулкерим, Наблус, Рамалла, Бетлехем, Хеврон жана Чыгыш Кудста жүргүзгөн операцияларында дагы 35 кишини камакка алынганы белгиленди.

7-октябрдан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камалган палестиналыктардын санынын 4730га жеткени кабарланып, Израиль күчтөрүнүн ал кишилерди жана жакындарын ур-токмокко алганы белгиленди.

Билдирүүдө коркунучтарга дуушар болгон адамдардын үйлөрү да талкаланганы айтылды.

Израилдин абактарындагы палестиналыктардын санынын 7 миң 800гө жеткени маалымдалды.

Израиль күчтөрүнүн Газага кол салган 7-октябрдан бери оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста палестиналыктарга каршы камоо, рейд жана кол салуулары күчөдү.



Тектеш кабарлар